Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМУ № 1
Лахол айылы. 15-сентябрь 2022-жыл
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Элдик Курултайга Кара-Кужур айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө жумушчу тобунун курамын бекитүү жөнүндө.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын негизинде Элдик Курултайга Кара-Кужур айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө жумушчу тобунун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө, уюштурууга жооптуу ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Рысбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага: А.Исмаилов
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXVIII чакырылышынын
V кезексиз сессиясынын 2022-жылдын
15-сентябрындагы №1 токтомунун
№1 тиркемеси
Кара-Кужур айыл аймагынын жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 6 адам болсун жана төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн.
№ |
А.А.А |
Кызматы |
Жумушчу тобунун ролу | Айыл аймака жооптуу
|
1 | Исмаилов Амантур | Айылдык кеңештин төрагасы | Төрага | Баардык |
2 | Тагайбекова Кундуз | Дело производитель | Катчысы | Баардык |
3 | Эсенбек уулу Мирлан | Айыл башчы | Мучолору | Жер-Кочку |
4 | Токтоналиева Кубанычбек | Зам төрага | Мучолору | Баардык |
5 | Султанбек Сүйүнов | Аксакалдар соту | Мучолору | Лахол |
6 | Шакыпова Салтанат | Жер-Көчкү Бала бакчасынын мед айымы | Мучолору | Жер-Кочку |
Төрага: А.Исмаилов