Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ № 6
Лахол айылы. «03» октябрь 2015-ж.
Кара-Кужур айыл аймактык айыл өкмөтүнүн Лахол айылынын 2015-жылга карата айылды инвестициялоо — 3 долбоорун бекитүү жөнүндө.
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
- Кара-Кужур айыл аймактык айыл өкмөтүнүн Лахол айылынын 2015-жылга карата айылды инвестициялоо — 3 долбоору, конкурстук комиссиянын заседаниесинде каралган маселеси бекитилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn—region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага И.Алтымышов