Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ № 1
Лахол айылы 2015-жылдын 09 — июлу
№6 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун калкка медициналык жактан тейлөө боюнча жургузуп жаткан иштери жөнүндө
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊеши токтом кылат:
1.№6 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун калкка медициналык жактан тейлөө боюнча жүргүзүп жаткан иштер канааттандырарлык деп табылсын.
1.1. Жугуштуу оорулардын алдын алууга карата айылдардын санитардык абалын жакшыртуу боюнча иш чараларды уюштуруу жагы үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси У.Маматовго милдеттендирилсин.
1.2 . Ооруканага койка ачуу жагы тиешелүү органдардан суралсын.
- Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur. naryn—region.kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктолсүн.
Төрага И.Алтымышов