Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ № 4 Лахол айылы. «15» февраль 2016-ж.
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014 – жылдагы чыгаша бѳлүгүн жана 2016-жылга киреше бѳлүгүн бекитүү жөнүндө.
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
- Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинин отчеттук киреше бѳлүгү 6993,2миң сомго,чыгаша бѳлүгү 6993,2миң сомго 100%ке аныкталгандыгы аныкталсын,бекитилсин.
- Айыл ѳкмѳттүн 2016-жылга бюджетинин кѳлѳмү 7283,4 миң сомго аныкталсын.Жер салыгы 84,2 миң сомго,транспорт салыгы 98,2 миң сомго,кызмат кѳрсѳтүү үчүн сатуудан салык 5,0 сом,кыймылсыз мүлктѳн салык 1,0 миң сом,патенттен 24,0 миң сом,аренда ФПС 5,7 миң сом, мамлекеттик пошлина 2,0 миң сомго, мусорго 3,4 миң сомго,под.салык 504,0 миң сомго,аренда жайыт 16,0 миң сом, админс.айып 0,2 миң сом чегерилип, тендештирүүчү грант 6439,7 миң сомго атайын каражат 100 миң сомго бекитилсин.
- Бюджеттин чыгаша бѳлүгү 7283,4 миң сомго белгиленип,ѳкмѳттүн аппаратына 4466,2 миң сомго мындан 13 штаттык бирдикте 3202,7 миң сом эмгек акы фонду, мадният бѳлүмүнѳ жалпысы 1163,9 миң сомго мындан 10 штаттык бирдикте 924,1 миң сомго эмгек акы фонду, билим берүү 927,1 миң сомго жана бала бакчага 626,2 миң сомго атайын каражаттан 100 миң сомго бекитилсин.
- Бала бакчалардагы балдардын тамак ашына ата — энелерден чогулуучу взностун ѳлчѳмү 400 сомдон бекитилсин.
- Жыл башындагы атайын каражаттан калган 4,2 мин сом акча каражатын эки бала бакчага тамак ашка сметасы бекитилсин.
- Айыл ѳкмѳттѳгү 4% кызмат кѳрсѳтүүдѳн түшүүчү жана башка салыктын түрлѳрүнѳн
түшүүчү кирешени аныктоо жана тушүрүү жагы салдык адиси Т.Сыдыковго жүктѳлсүн.
- Гос. пошлина справкалардан түшүүчү акча каражатын түшүрүү жагы пошлина
китепчесин шнурлап,кѳзѳмѳл жүргүзүү жагы жооптуу катчы Э.Кашкаровго тапшырылсын.
- 2016-жылга кабыл алынган айыл ѳкмѳттүн бюджетинин аткарылышынын туура
пайдаланып, ар бир мекемедеги иштеген кызматкерлердин эмгек акыларын ѳз убагында тѳлѳп берүүсү жана финансылык отчетторду ѳз убагында кечиктирбестен тиешелүү райондук мекемелерге берүү жагы башкы эсепчи Э.Исмаиловага милдеттендирилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn—region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага И.Алтымышов