Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ № 5
Лахол айылы. «15» февраль 2016-ж.
Жеке менчик малдарды жайлоого кѳчүрүлүшу жана корук иштеринин уюштурулушу, мал багуунун баасы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жѳнүндѳ
Кара-Кужур айылдык Кеӊеши токтом кылат:
- Жеке менчик малдарды жайлоого кѳчүрүлүшү жана корук иштеринин уюштурулушу, мал багуунун баасы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери эске алынсын.
1.1Ички жайыттарды эс алдыруу жана коргоо боюнча иш чараларды жүзѳгѳ ашыруу
жайыт комитетинин тѳрагасы А.Кыдыкбаевге милдеттендирилсин.
1.2Кѳчүү –конуу күнүн белгилѳѳ жана мал багуу акысы жалпы элдик талкуунун
жыйынтыгы менен тѳмѳндѳгүдѳй белгиленсин.
— Талаа коругунун убагы 10 – майдан 1-сентябрга чейин белгиленсин.
— 20-апрелден баштап уй бадасы уюштурулсун.
Малын кароосуз калтырып,чѳп аянттарына олуттуу зыян келтирсе келтирилген зыяндын орду мал ээси тарабынан тѳлѳнүп берилсин.
Камакка түшкѳн малдын айып суммасы бодо малга 50сом экинчи жолу корукка түшсѳ 100 сом,майда жандыкка (кой,эчкиге) ар бир башка 1-жолу түшсѳ эскертүү,2-жолу түшсѳ 5 сом же андан кѳп түшсѳ келтирилген чыгымды эсептеп,сот органдары аркылуу ѳндүрүлсүн.
Корукка түшкѳн мал ээлерине корукчулар тарабынан 1-2 жолу эскертүү кагазы берилет, эгерде мал ээси малын чыгарбай койгон шартта малы ѳлүп калса корукчулар жоопкерчиликке тартышпайт.
1.3Жазгы жайлоого кѳчүү мѳѳнѳтү 10-майдан 10-июнга чейин чектелсин.
Келүү мѳѳнѳтү 25-сентябрдан 30-сентябрга чейин чектелсин.
Жайлоого кѳчүүдѳ белгиленген убакыттан кечиккендерге КР нын админстративдик жоопкерчилик жѳнүндѳ кодексинин 185-беренесине ылайык эсептешүү кѳрсѳткүчүнүн 15-20 ѳлчѳмүндѳ админстративдик айып салынаары тууралуу эскертилсин.
Мал багуунун эмгек акысы тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин.
Орто аралыктагы жайыттарга(Солтон – Сары) жайлоосуна
1баш уйга 1айга 200(эки жүз)сом
1баш кой-эчкиге 1айга 40(кырк)сом
Ички жайыттарга мал багуучуларга
1баш уйга 1айга 200 (экижүз) сом
1баш кой-эчкиге 1айга 30(отуз) сом
Ал эми башка жактан келген малдарга жайыт акысы тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин.
-1баш бодо малга жылына (уй,жылкы,топозго) 300 (үч жүз) сом
-1баш майда жандыкка (кой,эчкиге) 150(жүз элүү) сом
1.4 Ар бир мал багуучу,бадачы менен 3 тараптуу(айыл ѳкмѳтү, жайыт комитети жана жайыт пайдалануучу) келишим түзүлсүн.Ѳзүм билемдик кылып, мал багуудагы кызмат акысын кѳтѳргѳн чабандарга биринчи жолу 5000 сом,экинчи жолу 5000 сом айып сот аркылуу ѳндүрүү жагы киргизилсин.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn—region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага И.Алтымышов