Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
ТОКТОМ № 6
Лахол айылы. «15» февраль 2016-ж.
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-2017- жылдарда Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде Кара-Кужур айыл аймагынын 2013-2017-жылдары ар бир айылды өнүктүрүүнүн стратегиялык планын толуктоосу менен (Жол картасы) бекитүү жөнүндө.
Кара-Кужур айылдык Кеӊеши токтом кылат:
- Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-2017- жылдарда Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде Кара-Кужур айыл аймагынын 2013-2017-жылдары ар бир айылды өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (Жол картасы) бекитилсин.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn—region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага И.Алтымышов