Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
ТОКТОМ № 1
Лахол айылы. «29» февраль 2016-ж.
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн К.Жантелиев атындагы № 6 үй бүлѳлүк дарыгерлер тобунун калктын ден соолугун сактоо,ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жѳнүндѳ.
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Кара-Кужур айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн К.Жантелиев атындагы № 6 үй бүлѳлүк дарыгерлер тобунун калктын ден соолугун сактоо,ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
1.1Кетирилген кемчиликтерден жыйынтык чыгаруу У.Маматовго милдеттендирилсин.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn—region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага И.Алтымышов