Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
ТОКТОМ № 2
Лахол айылы. «29» февраль 2016-ж.
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Лахол жана Жер-Кѳчкү айлдарынын клуб китепканаларында маданий массалык иштердин жүргүзүлүшүнүн абалы жөнүндө.
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Кара-Кужур айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн Лахол жана Жер-Кѳчкү айлдарынын клуб китепканаларында маданий массалык иштери канааттандыраарлык деп табылсын.
1.1Жер-Кѳчкү айылынын клубунда эч кандай маданий массалык иштери жүргүзүлбѳй келе жаткандыгы белгиленип,кетирилген кемчиликтеринен тез арада жыйынтык чыгаруу,иш планды кайрадан иштеп чыгуу клуб башчысы Б.Абыкановго милдеттендирилсин.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn—region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага И.Алтымышов