Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
ТОКТОМ № 3
Лахол айылы. «28» май 2016-ж.
Кара-Кужур айыл аймагынын 2017-2019-жылга карата бюджеттин киреше-чыгаша бѳлүгүнүн долбоорун бекитүү жѳнүндо
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Кара-Кужур айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2017-2019-жылга карата бюджеттин киреше-чыгаша бѳлүгүнүн 2017-жылга 7812,3, 2018-жылга 7882,2, 2019-жылга 7882,2 долбоору жактырылсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn—region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага И.Алтымышов