Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
ТОКТОМ № 8
Лахол айылы. «28» май 2016-ж.
Кара-Кужур айыл аймагынын Жер-Кѳчкү айылынын клубунун имаратынын башкы бир бѳлмѳсүн, байланыш бѳлүмүнѳ берүү жѳнүндѳ
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Жер-Кѳчкү айылдык клубунун имаратынын башкы бир бѳлмѳсү 15 чарчы метр Жер-Кѳчкү айылдык байланыш бѳлүмүнѳ ижара акысыз бѳлүнүп берилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn—region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага И.Алтымышов