Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
ТОКТОМУ № 9
Лахол айылы. «28» май 2016-ж.
Кара-Кужур айыл аймагына ветеринардык клиника ачуу жѳнүндѳ
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Кара-Кужур айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2015-2018-жылга чейинки жамааттык башкаруу планына киргизилген экинчи долбоорго ѳзгѳртүү киргизилип атайын техника алуу жагы жылдырылып, ветеринардык клиника куруу долбоору бекитилип АРИС тарабынан каржыланууга сунушталсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn—region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага И.Алтымышов