Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин
ТОКТОМУ № 11
Лахол айылы. «28» май 2016-ж.
Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо министрлигинин «Зордук – зомбулукту алдын алуу» боюнча социалдык тапшырыктын алкагында «Элет айым» Коомдук Бирикмесинин «Ар бир үйдѳ тынчтык жана бейпилдик» долбоорун ишке ашыруу жѳнүндѳ
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Ар бир 8-үйдѳ ата-энесиз жакындарынын колунда багылып жаткан балдардын абалы дайыма кѳзѳмѳлгѳ алынсын.
- Жашы жете элек кыздардын турмушка чыгуусунун кесепеттери боюнча түшүндүрмѳлѳр жүргүзүлсүн.
- Жаш жубайлардын нике күбѳлүгүн үйлѳнгѳн күнү берүү кѳзѳмѳлгѳ алынсын.
- Айылдык молдолор ала -качып келген кыздын макулдугусуз нике кыю тыюу салынсын.
- Чыр чатактардын чыгуусуна себепкер болгон ичкиликти кыскартуу боюнча тойлорду ичкиликсиз ѳткѳрүү колго алынсын.
- Айылдык дүкѳнчүлѳр тарабынан кечки саа 20:00 дѳн кийин 18 жашка толо элек балдарга спирт ичимдиктери сатылбасын.
- Кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы аялдар кеңеши,аксакалдар кеңеши, жаштар уюму,ѳкмѳттук эмес уюмдарга,ден соолук комитетине жолдонсун. Токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин депутаттары Б.Карасартовго жана Ж.Муканбеталиевага тапшырылсын.
- Кара-Кужур айыл аймагында административдик укук бузуулар боюнча комиссия курамы түзүлсүн.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn—region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага И.Алтымышов