Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын
II сессиясынын
ТОКТОМУ №6
Лахол айылы. «27» январь 2017-ж.
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017- жылдагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө.
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊеши токтом кылат:
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017- жылдардарда Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде Кара-Кужур айыл аймагынын 2017-жылдагы ар бир айылды өнүктүрүүнүн стратегиялык планын толуктоосу менен (Жол картасы) бекитүү жөнүндө Кара-Кужур айылдык Кеӊеши токтом кылат:
- Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017- жылдарда Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын негизинде Кара-Кужур айыл аймагынын 2017-жылы ар бир айылды өнүктүрүүнүн стратегиялык планы (Жол картасы) бекитилсин.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur.naryn—region.kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага Тентимиш у А.