Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМ № 3
« 8 » сентябрь 2017-ж. Лахол айылы.
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын башындагы кадык акча каражатын Жер-Көчкү айылынын ФАП ынын ремонтуна өздүк салым үчүн акча каражатын кароо жѳнүндө
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын башындагы калдык акча каражатын Жер-Көчкү айылынын ФАП ынын ремонтуна өздүк салым үчүн төмөндөгү статьяга чыгымдоо жагын карап чыгып,чыгымдоо бекитилсин.
3111 ст. – 52 300 сом бекитилсин.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur.naryn—region.kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага Тентимиш уулу А