Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын
кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМ № 1
« 08 » июнь 2020-ж. Лахол айылы.
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жер-Көчкү айылына курулуп жаткан таза суунун кошумча курулушуна өздүк салым үчүн 2020-жыл башындагы калган акча каражатынан акча каражатын кароо жөнүндө
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жыл башындагы калган акча каражатынан Жер-Көчкү айылына курулуп жаткан таза суунун кошумча курулушуна өздүк салым үчүн акча каражатын төмөндөгү статьяга чыгымдоо жагын карап чыгып, чыгымдоо бекитилсин.
- ст. – 326.000 сом.
2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn—region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага Тентимиш уулу А