Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVII чакырылышынын
I сессиясынын
ТОКТОМ № 3
Лахол айылы. «19 » январь 2021-ж.
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жыл башындагы калган акча каражатынан бала бакчалардагы балдардын тамак ашына,мектепке балдарды ташуучу авто унаанын куйуучу майына Жер-Кочку айылына жаны салынып жаткан мектептин жана бала бакчанын документтерин катттоодон откоруу учун акча каражатын кароо жөнүндө
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жыл башындагы калган акча каражатынан Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн бала бакчанын тамак ашына,мектепке балдарды ташуучу автоунаанын куйуучу майына, Жер –Кочку айылына жаны салынып жаткан мектептин жана бала бакчанын документтерин каттоодон откоруу учун акча каражатын төмөндөгү статьяларга чыгымдоо жагын карап чыгып,чыгымдоо бекитилсин.
Бала бакчанын тамак ашына 2218ст -60000сом
Мектепке балдарды ташуучу
автоунаанын куйуучу майына 2214ст -30000сом
Жер –Кочку айылына жаны салынып жаткан мектептин жана бала бакчанын документтерин каттоодон откоруу учун 2215ст.-30000сом
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn-region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага Тентимиш уулу А