Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМ № 1
Лахол айылы. « 05 » апрель 2022-ж.
Лахол,Жер-Көчкү айылдарындагы жеке менчик малдарды жайлоого көчүрүлүшү жана корук иштеринин уюштурулушун бекитүү жөнүндө
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Лахол, Жер-Көчкү айылдарындагы жеке менчик малдарды жайлоого көчүрүлүшү жана корук иштеринин уюштуруу иштери колго алынсын.
- Ички жайыттарды эс алдыруу жана коргоо боюнча иш чараларды жүзөгө ашыруу жайыт бирикмесинин төрагасы А.Касымбековго милдеттендирилсин.
- Көчүү-конуу күнүн белгилөө жалпы элдик талкуунун жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй бекитилсин.
-талаа коругунун убагы 10-июндан 1-сентябрга чейин белгиленсин.
-уйдун бадасы 20-майдан баштап уюштурулсун.
-көчүп-конуу 10-июндан,кайра келүү 1-сентябрга белгиленсин.
Малын кароосуз калтырып,чөп аянттарына олуттуу зыян келтирсе келтирилген зыяндын ордун мал ээси тарабынан төлөнүп берилсин.
Камакка түшкөн малдын айып суммасы бодо малга 100(жүз)сом,майда жандыкка (кой,эчкиге) 20 (жыйырма) сом өндүрүү белгиленсин.
Жайкысын мал багуучулар өзөндүн суусунан кеминде 100метр алыстыкта короолорду жайгаштырышсын.
Камакка айдалып келинген малдын тийиштүү айыбы милдеттендирилген
корукчуларга төлөнүп берилсин.
- Жайлоого көчүүдө 10-июндан кечиккендерге жана 1-сентябрдан эрте
келгендерге КРнын админстративдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 185- беренесине ылайык эсептешүү көрсөткүчүнүн 15-20% өлчөмүндө админстративдик айып салынаары тууралуу эскертилсин.
- Жайыт акы төмөндөгүдөй бекитилсин.
Бодо малга бир жылга1 башка(уй,жылкы,топоз) – 60(алтымыш)сомдон
Майда жандыкка бир жылга бир башка(кой,эчки) -15(он беш) сомдон
2.1 Сырттан келген малга комерциялык түрдө 200(эки жүз)сом
2.2 Чабынды жер үчүн гектарына 300(үч жүз) сомдон, ашык жер болсо
900(тогуз)сом бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбек уулу Дамирге жүктөлсүн.
Төрага А.Исмаилов