Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ТОКТОМУ № 6

фирм бланк

Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

 ТОКТОМ № 6

Лахол  айылы                                                               2015-жылдын 19 — марты

                   Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин токтомдорун мамлекеттик  тилде гана кабыл алуу жөнүндө

Кара-Кужур айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык,Кара-Кужур айылдык Кеӊеши токтом кылат:

1.Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.

2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Karakujur.narynregion. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктолсүн.

 

Төрага                                                                                                   И.Алтымышов.

Добавить комментарий