Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын
кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМ № 3
Лахол айылы. «05 » апрель 2022-ж.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын, 24-февралында “Үй-бүлө салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө № 54-жарлыгын кароо жөнүндө
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын, 24-февралында “Үй-бүлө салтананттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө № 54-жарлыгы Кара-Кужур айыл аймагы боюнча маркумду акыркы сапарга узатуу,үчүлүк, жетилик, кыркылык зыйнаты үчүн 1 (бир) баш бододон башка ашыкча чыгымга Жобонун негизинде жол берилбесин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Рысбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага А.Исмаилов