Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин XXVIII чакырылышынын
кезексиз V сессиясынын
ТОКТОМ №2
Лахол айылы «15» сентябрь 2022-ж
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жер-Көчкү айылындагы жаңы курулган бала бакчага экинчи кенже тайпаны ачуу жөнүндө.
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
- Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жер-Көчкү айылындагы жаңы курулган бала бакчага экинчи кенже тайпасы ачылсын.
- Жаңы ачылган тайпага кирген балдарга тамак ашына керектелүүчү акча каражаттын чечип берүү жагын ФЭБ башчы Э.Исмаиловага милдеттендирилсин.
- Бул токтомду жүзөгө ашыруу жагы Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын .
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Рысбек уулуна жүктөлсүн.
Төрага: А.Исмаилов