Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ № 3
Лахол айылы 2015-жылдын 19-марты
Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы чыгаша бөлүгүн, 2015-жылга киреше бөлүгүн бекитүү жөнүндө.
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн 2013-жылдагы бюджетинин отчеттук киреше бөлүгү 12791,3миң сомго, чыгаша бөлүгү 12791,3миң сом 100,0 %ке аткарылгандыгы аныкталсын, бекитилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бюджетинин көлөмү 6602,3миң сомго аныкталсын. Жер салыгы 84,2миң сомго, транспорт салыгы 98,2миң сом, кызмат көрсөтүү сатуудан салык 5,0миң сом, кыймылсыз мүлктөн салык 1,0миң сом патенттен 24,0сом, ФПС аренда 5,7миң сом, мам пошлинадан 2,0миң сомго, мусорго 3,4миң сом, под налог 420,0, аренда жайыт 16,0, админ штраф 0,2 чегерилип. Теңдештирүүчү грант 5842,6миң сомго атайын каражат 100,0миң сомго бекитилсин.
2.1. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 6602,3миң сомго белгиленип, өкмөттүн аппаратына 4422,7миң сом, маданият бөлүмүнө 1039,5миң сом, билим берүү 600,9миң сомго, бала бакчага 439,2миң сом, атайын каражаттан 100,0миң сом белгиленсин.
- Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп Karakujur naryn—region. kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Аалиевге жүктөлсүн.
Кара-Кужур айылдык
Кеңешинин төрагасы И.Алтымышов